Бүгүн, 3-июнда Бишкекте Ак Үй алдында коррупцияга каршы митинг өтүүдө. Анда коомдук ишмерлер, жарандык активисттер, укук коргоочулар катышып жатат. Буга чейин сот 20-июнга чейин митингдерди өткөрүүгө тыюу салган, бирок уюштуруучулар буга карабай баары бир өткөрөрүн билдиришкен.
10:00. Бул убакытка карата 10го жакын митингчи келди.
10:05. Милиция кызматкерлери акциянын катышуучуларына митинг өткөрүүгө тыюу салынганы боюнча соттун чечимин көрсөтүштү.
10:10. Укук коргоочу Рита Карасартова: "Эгер бизнести тартып алуу улана берсе, журналисттерге соттук процесстерди чагылдырууга чектөөлөр киргизилсе, коррупция менен күрөшүү болбойт. Коррупция менен күрөшүү ачык жүрүшү керек. Коррупцияга каршы кызматын УКМКдан ажыратуу зарыл".
10:15. Укук коргоочу Рита Карасартова: "Президент жарандык коомчулук менен жолугушууларды байма-бай өткөрүп турушу керек. Системдик реформаларды ишке ашыруу зарыл".
10:20. Митингдин катышуучусу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкери Рахат Ахматова: "Бүгүн митингге чыкканымдын себеби, 2018-жылы декабрь айында "Кыргыз темир жолунун" бухгалтериясына ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча Финансы полициясына арыз жазгам. Анткени айлыктарым аз болгон. Баары 30 миңден алып баштаганда бизде 15-18 миң сомдон айлык мурдагы бойдон калган".
10:30. Митинг уланууда. Катышуучулар журналисттерге өз көйгөйлөрүн айтышууда.
11:00. Митинг аяктады.