Сокулукта 19 жаштагы бала менен бирге бакка асынып алган 16 жаштагы кыз Бишкекке 3 күнгө дарылануу үчүн келген

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда бакка асынып каза болгон 16 жаштагы кыз Бишкекке дарылануу үчүн келген. Ал шаарга 16-май күнү келип, окуусунан 3 күнгө суранган. Мындай маалыматты Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Каза болгон кыз окуусунан суранып, 3 күнгө Бишкек шаарындагы ооруканага кеткен. Класс жетекчисинин айтымында, маркум Д.А. борбордо жашаган эжесинин үйүндө дарыланып жаткандыгы боюнча маалымат алган.

"Окуучу кыз 21-май күнү сабакка келбегендиктен класс жетекчиси апасына байланышкан. Апасы кызы ооруканага кеткенин, дарыгерлерге көрүнүп жатканын айтып, китептерин берип жиберген. Каза болгон кыз мектепте 10-класстын окуучусу болгон. Ал жети бир тууган, апасы эч жерде иштебейт, атасы каза болуп калган", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда бакка асылган абалда 2 адамдын жансыз денеси 25-майда табылган.

Бакка асынып каза болгон окуучу кыз Бишкекке дарылануу үчүн келген
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
CuMBoJI
2019-06-03 12:58:39
19 жаштагы бала ким? Ал жонундо малымат жокпу?
+5
karona12
2019-06-03 14:00:07
Атасы жок болсо апасы куурагыр эптеп чонойтсо анан келип жигит учун асынып алганын кара.Жаштар эсинерге келип озунорду ойлобосонор дагы ата эненерди ойлосонор боло.
+6
nurtilek.kursanbekov
2019-06-03 14:34:51
Олсон кутулбайсын кайра тутуласын эээээххх кудай озун сактай кор мындай азгырыктардан
+4
MAN-CITY
2019-06-04 04:25:50
Азыркы жаштар оздорунчо еле Ромео Джульеттаго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан