Бүгүн, 4-июнда парламенттеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамынын долбоору экинчи окууда талкууланды.
ИИМ министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, мыйзам долбоорунда укук коргоо органдарында кызмат өтөгөндөрдүн айлык акыларын көтөрүү каралган.
Депутат Бакирдин Субанбеков: "Укук коргоо органдарындагы коррупция айлык акылардын аздыгынан келип чыгууда. Эгер бул мыйзам долбоору ишке аша турган болсо, бир аз да болсо жылыш болот. Бул мыйзам долбоорун колдоо керек", - деди.
Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Талант Мамытов бул сыяктуу мыйзамдарды кабыл алууда башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап көрүү керектигине токтолду.
Мындан сырткары бир катар депутаттар тарабынан мыйзам долбоорун ишке ашырууда бөлүнө турган 2 миллиард 277 миллион сомдон ашуун каражат кайсы бөлүмүнө көбүрөөк бөлүнө турганына кызыгышты.
Бул суроого финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков бул мамлекеттик сыр экенин баса белгилеп, кагаз жүзүндө маалымат бере турганын билдирди.
"Каражаттар УКМК, Башкы прокуратура, ЖАМК жана ИИМге бөлүнөт. Негизги каржылоо жана чыгымдар Ички иштер министрлигине берилет. Себеби бул органда кызмат өтөгөн кызматкерлеринин саны да эң көп", - деди Кармышаков.
Курсан Асанов кимдердин айлыктары канчага көтөрүлөрүн айтып берди. "Айлык акылар боюнча маалымат бере турган болсом, учурда катардагы сержант 7 миң 350 сом алат, ал эми мыйзам долбоорунун ишке ашуусу менен кенже курамга 2 миң сомдон ашык каражат кошулуп, айлыгы 10 миң 290 сомду түзмөкчү. Оперативдик кызматкерлер учурда 7 миң 900 сом алса, кошулганда 11 миң 172 сом алып, айлыгына 41 пайыз кошулуп жатат. Бардык төлөмдөрдү эске алуу менен 19 миң 860 сом өлчөмүндө айлык акы ала алышат. Ал эми наамдары үчүн 1,5 миң сом кошулмакчы", - деди Асанов.