Бүгүн, 4-июнда парламенттеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда талкууланды.
Баяндамачы ИИМ министринин орун басары Курсан Асанов долбоордо укук коргоо органдарында кызмат өтөгөндөрдүн айлык акыларын көтөрүү каралганын айтты.
Депутат Мирлан Жээнчороев Асановго кайрылып, милиция кызматкерлери пенсияга чыгуу үчүн канча жыл кызмат өтөш керектигин сурады. "Буга чейин милицияда кызмат өтөгөндөрдү пенсияга чыгуу үчүн кызмат өтөө мөөнөтүн 30 жылга чейин узартуу каралганы айтылган. Бул жаатта кандай иш-аракеттер жүрүп жатат?" деди депутат.
Асанов "бизде ИИМ системинде 20 календарлык жыл кызмат өтөгөн соң пенсияга чыгат. 30 жыл боюнча укпаптырмын. Маалыматым жок экен" деп жооп кайтарды.
Ал эми финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков “2019-жылдан тарта ИИМ системинде пенсияга чыгуу үчүн 20 жыл кызмат өтөөнү 25 жылга көбөйтүү каралган. Бирок анын жыйынтыгы боюнча эч кандай маалыматым жок экен” деди.
Буга депутат "иш шарттары жана жумуштун оордугун эске алуу менен 20 жылдан 25 жылга көбөйтүү туура эмес деген ойдомун. Бул Жогорку Кеңештин чечимин кайра карап чыгуу керек" деген пикирин билдирди.