Талас облусундагы үй-бүлөлүк медицина борборунда эс-учун жоготуп кулап, андан соң каза болуп калган кош бойлуу келинге жакындары соттук-медициналык экспертиза дайындатышкан жок. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда SUPER.KG порталына Кара-Буура районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Канат Акматбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, каза болгон келин аталган райондун Чымгент айылынын тургуну болгон.
"Келиндин сөөгү жерге берилген. Туугандары Кара-Буура РИИБине барып эч кимге доолору жок экенин айтып, экспертиза дайындоого макул болушкан эмес. Ал эми келиндин ичиндеги баласы дагы чарчап калгандыктан келин кош бойлуу абалында жерге берилгени аныкталды. Учурда бул окуя боюнча бардык маалыматтар Саламаттыкты сактоо министрлигине жөнөтүлдү. Бул каза болгон келиндин биринчи кош бойлуулугу болгон", - деди Акматбеков.
Окуя 3-июнь күнү Кара-Буура районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунда болгон. Анда 28 жаштагы 37 жумалык кош бойлуу келин үй-бүлөлүк медицина борборуна көрүнүүгө келген. Ультра добуштук изилдөөгө кирип чыккандан кийин ал коридорго чыгып, басып баратып эс-учун жоготкон.