"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин ишин иликтөөнүн алкагында камакка алынган дарыгер Эмил Макимбетов ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулду. Бул тууралуу Улуттук кыйноолордун алдын алуу борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дарыгердин кан басымы көтөрүлүп, дарылануу үчүн СИЗО-1ден №47 абакка которулган. Азырынча кайра качан СИЗО-1ге жөнөтүлөрү белгисиз.
Окуянын чоо-жайы:
16-майда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев СИЗО-1ге киргизилген. Ага чейин Батукаевдин иши боюнча дарыгер Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова камакка алынган. Андан кийин дагы 3 дарыгердин бул иш боюнча баш коргоо чарасы каралып, тергөө абагына киргизилген. 21-майда мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов да кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган. Ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова 4-июнда кармалып, 26-июнга чейин камакка алынган.