Азиз Батукаевди абактан бошотуу чечимин чыгарган соттун үстүнөн тергөө башталды

2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошотуу чечимин чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовдун үстүнөн сотко чейинки териштирүү башталды. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаарынын соту СИЗО-4 абагынын башчысынын орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучусунун сунушун караган. Анда Азиз Батукаевди абактагы мөөнөтүнүн калган 8 жыл, 3 ай, 7 күнүн өтөбөстөн абактан бошотуу каралган. Ал эми Батукаевге Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту тарабынан бир нече беренелердин негизинде 16 жыл, 8 ай, 15 күн эркинен ажыратуу чечими чыккан.

"Батукаевди бошотуу сунушу сотко абактын башчысы тарабынан эмес, орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучусу тарабынан берилгенин белгилей кетүү керек. Демек, сунуш тийиштүү адам тарабынан берилген эмес. Ошол себептен сот анын сунушун кабыл алып, өндүрүшкө тиркебеши керек болчу. Мыйзамга ылайык, сотко абак жайдын башчысынын гана сунуш берүүгө укугу бар", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматта белгилүү болгондой, Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата 331-берененин 1-бөлүгү (акыйкат эмес чечим чыгаруу) жана "Коррупция" беренесинин негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталды. Ал эми сотко чейинки иштерди алып баруу УКМКнын тергөө башкармалыгына тапшырылды.

Жапар Эрматов бүгүнкү күндө Нарын облусунун райондор аралык сотунун төрагасы болуп иштейт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан