ЖАМК: "Аида Салянова Кыргыз өлкөсүндө операция жасатуудан баш тартууда"

Аида Салянованын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда ЖАМКтын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Буга чейин экс-прокурордун тууганы ал тез арада операция жасатууга муктаж экенин билдирип, анын абалы оорлошуп жатканын баса белгилеген.

"Аида Салянова Бишкектеги СИЗО-1де. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Дарыгерлердин айтымында, аны ооруканага жаткыруунун кажети жок, кароо учурунда анын абалы канааттандырарлык болгон. ЖАМКтын дарыгерлери операция жасоо боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн, бирок Салянова Кыргыз өлкөсүндө операция жасатуудан баш тартууда", - деп айтылат маалыматта.

21-июнда Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча экс-прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ал ушул жылдын 3-июнунда кармалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Argen9899
2019-07-31 15:39:21
Шылтоо
+8
Bars88
2019-07-31 16:50:04
Чондорду чет мамлекеттен дарыланбаш керек деген закон чыгарып коюшса.Эмнеге дегенде озубуздон дарыланышса конул бурушмак да ооруканаларга которушмок кичине
+9
titanik32
2019-07-31 17:01:57
Мунун эч бир жери ооруган эмес окшойт,эгерде бир жери ооруган болсо Кыргызстандын врачтары эмес мал доктур болсо да чакыр операция кылдыртам дейт эле.Мунун мынтип шылтоо кылып жатканы эптеп чет өлкөгө чыгып ошол боюнча куйрукту түйүү да.
+8
Chungyz
2019-07-31 17:25:19
Сенен башкасы деле операциясы жок кетип калтат кудайга шугур деп жасатып жакшна отуруп чык
+7
bond02
2019-07-31 18:50:24
Жасатпаса жата берсин!
+4
futboler
2019-07-31 21:16:40
Качканга шылтоо
+3
KG.Kushtarbek
2019-07-31 21:42:47
Оа анткени коркот ошо силерге окшогондордун айынан келди ошолор коррупция менен.Эми оздору качытат
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан