Токтогулда окуучу кыздын телефону чагылган түшкөн учурда жарылып кетип, ал колунан жаракат алган

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда нөшөрлөп жамгыр жаап, чагылган түшүп жатканда окуучу кыздын телефону жарылып кеткен. Кырсык болгон учурда ал үйүндө болгон. Бул тууралуу Үч-Терек айылынын дарыгери Мээрбек Орозбаев SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 8-июнь күнү Үч-Терек айыл аймагынын Өзгөрүш айылында болгон.

"Окуучу кызды 8-июнь күнү саат 22:00 чамасында ооруканага алып келишкен. Ага тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кыздын оң колунун алаканында жана чыканагынын жогору тарабында бармактын изиндей 4-5 так пайда болгон. Тактап айтканда, ток алакандан кирип, чыканактын жогору тарабынан чыгып кеткен. Окуя болгон күнү нөшөрлөп жамгыр жааган. Ошол убакта кыздын телефону кубаттагычта сайылып турганда ага кимдир бирөөдөн чалуу келген. Кубаттагычта турган телефонду алганда жарылып кеткен. Кыз быйыл бүтүрүүчү класс болгондуктан ошол күнү эле медициналык жардам алып, эртеси күнү сынакка кеткен. Ал азыр үйүндө дарыланууда. Абалы жакшы", - деди Орозбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
meku9205
2019-06-14 21:04:35
Кудайым сактаптыр ден соолукта болсун.
+5
daniel87
2019-06-15 17:10:01
Урматтуу жерде мекендештер чагылган болуп жаткан учурда телефон, электр жабдыктарын, ж.б.у.с нерселерди очуруу кажет
+2
munduz2016
2019-06-15 20:03:40
Жараткан озу сактаптыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан