"Бешинчи канал": "Азаттыктын" иликтөөсүндө документтерде колу коюлган Айэркен Саймаитинин колу ага эмес, АКШда жашаган адамга тиешелүү болуп чыкты" (видео)

15-июнда "Бешинчи канал" жаңылыктарынын кечки чыгарылышында "Азаттыктын" эки апта мурда жарыялаган "Кыргызстандан изи сууган миллиондор" деген иликтөөсүнө улай өз репортажын көрсөттү.

"Азаттык" өз иликтөөсүндө көрсөткөн документтерде Айэркен Саймаити Түркиянын иш банкы аркылуу Бишкектеги "Халык банктагы" Исмаил Матраимов атындагы фондунун эсебине 2017-жылы 500 миң доллар жана 730 миң доллар которду деп жарыялаган. "Бешинчи каналдын" журналисти Элнура Алканова дал ушул Айэркен Саймаитинин тегерегинде иликтөө жүргүзгөн.

"Айэркен Саймаитинин атынан которулган кагаздардын арасында бир дал келбестик бар. Бир топ документтерде Саймаитинин колу латын стилинде коюлган. Ал эми эки башка банктарга коюлган Саймаитинин колу бири-бирине аябай окшош, жада калса сыясынын жукпай калганына чейин жана формасы бирдей. Ошол эле учурда "Азаттыктын" иликтөөсүндөгү 3-мүнөт 30-секундунда көрсөтүлгөн документтеринин скриншотунда Саймаитинин “Абдыраз” ЖЧКсы аркылуу акча жөнөтүп жаткан учурда такыр эле башка кытай иероглифтери менен кол коюлган. Саймаити акчаларды сыртка которуп жатканда бир кол коюптур. Ал эми Матраимовдордун фондуна которуп жаткан документте такыр эле башка кол коюлуп турат. Саймаити кагаздарга ар кандай кол коё береби деген ой келди.

Латын стилиндеги колду кыркып алып, "Яндекс" ресурсуна жүктөсөк, дароо эле ага окшош сүрөттөр чыкты. Саймаитинин колу америкалык сайттан табылып, аны карасак, ал сайттагы компания жолбун иттерди багып алуу менен алектенерин окудук. Уйгур соодагери Саймаити Америкадагы жолбун иттерге кам көрөбү деп таң калып жаткан чакта иликтөөбүз күтүүсүз бурулуш жасады. Сайтта турган кол Саймаитиники эмес эле, ошол америкалык компаниянын аткаруучу директору Адам Стенфилд болуп чыкты. Сайтта жазылуу америкалык компанияга байланышып, Адам Стенфилдди тааныйсыздарбы, чын эле сиздин компанияда иштейби деп сурадык. Бул жолбун иттердин фондунун өкүлү анын башка жакка которулуп кеткенин тастыктады.

Мүмкүн бул сайт, Адам Стенфилддин колу коюлган кагаз “Азаттыктын” иликтөөсү жарыялангандан соң атайын пайда болуп калган жокпу деген шектенүү болду. Мындай жагдай үчүн маалымат кайсы учурда, качан чыкканы боюнча сактап турган атайын ресурстан карадык. Америкалык Стенфилддин колу ал ресурс аркылуу аз күн мурун эмес, 2015-жылы эле чыкканын аныктады. Мындан улам “Азаттык” көрсөткөн дүмүрчөк чын эле жасалмабы деген ой кетет. Анда Саймаитинин колун издегенден эринип интернеттен эле көчүрүп алгандай”,
- деп айтылат репортажда.

"Бешинчи канал" жаңылыктарынын кечки чыгарылышында "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча "элге жарыяланган документтер жасалма болуп чыкты" деген репортажын көрсөттү.

"Бешинчи канал" "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча: "Элге жарыяланган документтер жасалма болуп чыкты"
"Бешинчи канал": "Азаттыктын" иликтөөсүндө колу коюлган Саймаитинин колу АКШда жашаган адамга тиешелүү болуп чыкты"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан