"Ооба, мен аны жакшы эле таанычумун". Депутат Дүйшөн Төрөкулов Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити менен түшкөн сүрөтү боюнча жооп берди

Мындан бир нече күн мурун Фейсбукка Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов менен Түркиянын Стамбул шаарында киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаитинин сүрөтү жарыяланган. Анда Дүйшөн Төрөкулов Айэркен Саймаити менен бир кезде чогуу иштегени тууралуу жазылган.

Мындан улам Дүйшөн Төрөкуловго байланыштык. Ал SUPER.KG порталына Саймаити менен чогуу иштешпегенин билдирди.

"Бул сүрөткө канча жыл болгону так эсимде жок. Болжол менен 2013-2014-жылдары тартылган. Саймаитини жакшы эле таанычумун. Мен "Кара-Суу" базарында иштегем. Аталган базарда Кытайдан келген кытайлар, уйгурлар да соода-сатык менен алектенишет. Ошолордун катарындагы Саймаити менен кошо соода кылып иштеген уйгурлардын дээрлик 90 пайызын тааныйм. Бүгүнкү күндө дагы алардын көпчүлүгү менен мамилем жакшы. Анча-мынча чай ичишип коёбуз. Эми адам менен адам алака түзөт да. Саймаити менен түшкөн сүрөт деле ушундай... Бирок Саймаити менен чогуу иштешкен эмеспиз", - дейт.

11-ноябрга караган түнү Стамбул шаарында "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон. Окуя болгон жерде Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон. Ал унаа Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулу Эркин Сопоковго таандык болуп чыгып, ал 12-ноябрда кызматынан бошотулган. Саймаитинин өлүмү боюнча баш-аягы 4 адам шектелип кармалганын буга чейин түркиялык басылмалар жазып чыгышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан