Кыргыз өлкөсүнөн чыккан унаа Германияда 670 килограмм баңги заты менен кармалды

Германия менен Польшанын чек арасынан рекорддук көлөмдөгү баңги заты аткезчилик жолу менен алынып келе жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Германия өлкөсүнүн укук коргоо органдары билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, унаа Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, 31-майдан 1-июнга караган түнү Франкфурт аймагынан текшерүүгө алынган. Анда 670 килограмм баңги заты Польшадан Германияга алынып бара жаткан. Таңгакталган жүктө "Түркиянын балы" деп жазылган. Жалпысынан 531 таңгак текшерилип, анын ар биринде 1,3 килограмм баңги заты болгон.

Болжолдуу маалыматтар боюнча аны Бельгияга жеткирүү планы болгон. Ошондой эле мындай чоң көлөмдөгү баңги заты Германияда биринчи жолу кармалып жатканы да жазылат.

Грузиянын номери тагылган жүк ташыган унааны 63 жаштагы түркиялык айдоочу айдап бара жаткан. Ал окуя болгон жерден кармалып, баңги затын ташып бара жаткан айдоочу шектүү катары камакка алынган. Айдоочу алгачкы көрсөтмөсүндө унаада баңги заты жүктөлгөнүн билбегендигин айткан.

Унаадан алынган баңгизат халванын ичине салынып даярдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Chungyz
2019-06-19 21:23:53
Биздин кызматкелер эмне кылып жатышат курошбой биздин олконун аброюна шек келтирди уят
+7
Aidar.001
2019-06-19 21:32:21
Грузиянын автосу, айдоочу туркиялык болсо Кыргызстанга эмне тиешеси бар экен? Кыргызстанга чейин же болбосо через Кыргызстан бараткан болсо керек да
+17
Skarlett-Skarlett
2019-06-19 21:33:30
Уят эле болуп буттук.Баардык жактан ото чабал экенбиз.(((((((((((
-3
Jelezo
2019-06-19 21:40:14
Атамбаевге шылтап койгула оңой кутуласыңар.
-1
XAN-TORO
2019-06-19 21:48:14
Окусанар конул буруп Кыргызстандан чыккан жукту Польшадан алганы айтылып жатат
+3
Bekish-
2019-06-20 11:45:15
XAN-TORO,кечир минус басылып кетти
+1
Jango
2019-06-19 22:22:52
Кызыгы деле жок бул жанылыктын биздин мамлекетке эч тийешеси болбогондон кийин
+6
Kyrgyz_bloger
2019-06-19 23:22:41
Албетте биздин олконун кадырына шек келтирип коюшу мумкун,машина Грузияныкы шоопур Туркияныкы болгон м.н,Афганистандын наркотиктери Кыргызстан аркылуу отот деп силер ошого шарт тузуп бересинер деп айыпташы мумкун,ансыз да коррупциялуу олколор боюнча денгээлибиз томон,акча м.н баардык нерсени алып отсо болот алардын бажысы койгой жаратпайт деп айтышы мумкун.
+5
Anti-S
2019-06-20 00:22:42
Кыжаалат болбогула. Казакстан, Россия, Украниа же Белоруссия жана Полшадан кенири отуп жаткандан кийин. Кыргызстан эмне болуп калыптыр. Тем более жукту Польшадан жуктоптур. Бирок Польшадан жуктолуп жатса, Кыргызстанды эмнеге кошот. Будомук
+4
Makain
2019-06-20 00:56:17
Бизге тиешеси жок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан