Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Кой-Таштагы үйүнүн жанына чогулууда. Бул тууралуу жергиликтүү "24.kg" маалымат каражаты жазды.
Алдын ала маалыматтар боюнча топтолгондор мурдагы өлкө башчысын колдоо үчүн чогулган. Топтолгондорго Алмазбек Атамбаевди камап коюшу мүмкүн деген маалымат жеткен. Азырынча КСДП эч кандай билдирүү жасай элек. Буга чейин КСДП Атамбаевди коргоо митингин уюштурбай турганын билдирген.
Ал эми "Апрель" телеканалы Алмазбек Атамбаевдин үйүндө жарандык чогулуш болуп жатканын маалымдады. Анда мурдагы өлкө башчынын тарапташтары, Арашан айылынын тургундары сөз сүйлөп жатышат.
20-июнда Жогорку Кеңеште "Экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы аны макамынан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө” токтом долбоору каралган. Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын депутаттык комиссиянын чечими добушка коюлуп, жалпы 105 депутат каттоодон өтүп, колдоого "макул" деп 100, ал эми "каршы" деп 5 эл өкүлү добуш берген. Андан кийин бул чечим Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.