Бүгүн, 24-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кант шаарында жайгашкан авиабазадан Москвага учуп кетти. Учак саат 18:15те "Внуково" аэропортуна конгону онлайн картадан көрүнгөн. Ал эми Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Москвага аман-эсен жетип алганын жазды.
"Учак "Внуково" аэропортуна конду. Экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана делегация мүчөлөрүн Федералдык күзөт кызматынын кызматкерлери Кремлге чейин коштоп бара жатат", - деди ал.
Чакыруучу тарап РусДжет авиакомпаниясынын ВС RRJ-95B учагын жөнөткөн.
Делегациянын мүчөлөрүнө экс-президент Алмазбек Атамбаев, КСДПнын саясий кеңешинин төрайымы Асел Кодуранова, КСДПнын саясий кеңешинин төрагасынын орун басарлары Мурадыл Мадеминов, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева жана КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков кирген.