Алмазбек Атамбаев: "Эртең түшкө чейин кетем"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугушуп жатып эртең, 24-июлда түшкө чейин Москвага учуп кетерин айтты. Ал бул тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Кудай буюрса, эртең түшкө чейин", - деди Атамбаев. Ошондой эле ал кайсы жактан учарын, тосуп ала турган өлкө чечерин, эртең менен аны узатууга катышса болорун белгиледи.
Мындан тышкары жолугушууда кандай маселелер талкууланары боюнча суроого жооп берген жок.

Алмазбек Атамбаев 22-июлда Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен болгон кезектеги жолугушуусунда Москвага сапар алышы мүмкүн экенин айткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан