Атамбаев Путин менен жолугушуусу мүмкүн экенин айтты (видео, хронология)

Бүгүн, 17-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугушту. Мындан тышкары ал журналисттердин актуалдуу маселелер боюнча суроолоруна жооп берди.

2019-07-17 20:30:00

Атамбаевдин тарапташтары менен жолугушуусу соңуна чыкты.

2019-07-17 20:11:00

Алмазбек Атамбаев тарапташтары менен сүйлөшүп жатат.

2019-07-17 19:55:00

Атамбаев: "Балким, Владимир Путин менен жолугушум мүмкүн. Бардыгы болушу мүмкүн. Өз убакыты келгенде билесиңер".  

2019-07-17 19:51:00

Атамбаев: "Учайын деп бара жатканда кармап алышат деп коркпойм. Мен бул жашоодон эч нерседен коркпойм. Бир нерседен корксом учурда Кыргыз өлкөсүндө болмок эмесмин. Менден коркушсун".  

2019-07-17 19:49:00

Атамбаев: "Досторум чет өлкөгө бир канча күнгө чакырып жатат. Бирок кайра келишимди ойлонуп жатам. Кайра келе аларымды билсем, анда барып келем. Андай болбосо барбайм". 

 

2019-07-17 19:45:00

Алмазбек Атамбаев тарапташтары менен жолугушууда. 

2019-07-17 19:35:00

Фарид Ниязов суроолорго жооп берүүдө. 

2019-07-17 19:30:00

Ниязов: "Саясий системдин башкы принциптери катары: элдик бийликтин болушу, мыйзамдардын башында жарандар туруусу, жалгыз адамдын бийлиги болбошу керек. Жарандар менен мамлекет ортосундагы ачык-айкын байланыштын болуусу, улуттук идеология жана өнүгүүнүн стратегиялык максаттардын болуусу саналат". 

 

2019-07-17 19:00:00

Ниязов: "Парламент, өкмөт, сот, прокуратура, маалымат каражаттары жана башка коомдогу уюмдар бир системде иштөөсү маанилүү. Нормативдик-укуктук баалуулуктар, маданият, тарых, менталитет эске алынып, бирдиктүү систем болгондо өлкөнүн өнүгүүсүнө шарт түзүлөт".

2019-07-17 18:46:00

Учурда Фарид Ниязов саясий систем боюнча лекция окуп жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан