"Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Шамиль Атаханов көрсөтмө берген, мен аны Азиз Батукаев менен алмаштырып алыптырмын" деп бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеште башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
Жыйында “Экс-президент Алмазбек Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору окулуп, башкы прокурор депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.
Буга чейин Жамшитов колунда Азиз Батукаевдин берген көрсөтмөсүнүн көчүрмөсү бар экенин айтып, аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачыктай албай турганын билдирген болчу.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.