Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев ооруканадан чыга элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу Клиникалык оорукананын башчысынын орун басары Александра Олексюк билдирди.
Анын айтымында, Рысалиевдин ооруканадан качан чыгары белгисиз болууда. "Рысалиевдин абалы дале оор болууда. Ден соолугу жакшы болгондо ооруканадан чыгарылат" деди дарыгер.
Рысалиев 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сурак берип жатып өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген. Ошол күнү кечинде Рысалиев "кан басымым көтөрүлүп кетиптир, азыр абалым жакшы эле" деген.
Азиз Батукаев түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен чуулуу окуя учурунда Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болчу.
Окуянын чоо-жайы:
Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.
17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.
3-майда дарыгер-онколог Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова, 6-майда Жазаларды аткаруу кызматынын медициналык-санитардык камсыздоону уюштуруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Акылбек Асанов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Канат Бектемиров жана №47 колониянын борбордук ооруканасынын башкы дарыгери Фархад Атахожаев, 15-майда мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, 21-майда мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов, 30-майда ошол кездеги атайын прокурор Майрамбек Акматалиев, 3-июнда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, 19-июнда өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Марат Бекенов, 24-июнда Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов камакка алынган.
Мындан тышкары 7-июнда Жазаларды аткаруу кызматынын мурдагы башчысы, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев суракка алынып жаткан учурда ооруканага түшкөн.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.