Бүгүн, 15-августта Жогорку Сотто мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы каралмак. Бирок соттук отурум 5-сентябрга калтырылганын Жогорку Соттун басма сөз кызматынан кабарлады.
"Жактоочу Чынара Жакупованын өтүнүчү менен Аида Салянованын баш коргоо чарасын кароо кийинкиге калтырылды. Соттук отурум 5-сентябрда саат 16:00дө болот", - деди маалымат кызматынан.
21-июнда Биринчи Май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча экс-прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ал ушул жылдын 3-июнунда кармалган.