Финпол: "Азаттыктын" Матраимовдорго байланыштуу иликтөөсү боюнча Айэркен Саймаити тарабынан 2 миллион 300 миң доллар которулган акча өз далилин тапкан жок"

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Али Токтакуновдун иликтөөсүндөгү айтылган өлкөдөн чыгарылып кеткен акча каражаттары боюнча тергөө органдары тарабынан видеосюжеттеги факттарды анализдеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга сурамдарды жиберүү жана керектүү документтерди алуу боюнча иштери аткарылганын билдирди.

"Журналисттик иликтөөдөгү банктык которуулардын документтери бар 500 миң доллар, 2017-жылдын 13-январындагы 729 миң доллар (№1 скриншот), 2016-жылдын 20-сентябрындагы 100 миң 200 доллар (№2 скриншот), 2016-жылдын 19-сентябрындагы 649 миң 500 долларлык (№3 скриншот) банктык которуулар, андан башка айтылган, бирок документи көрсөтүлгөн эмес. 160 миң долларлык акча которуу (жалпы сумма 2 миллион 338 миң 700 доллар) Айэркен Саймаити жана Wufuli Bumailiyamu аттуу жаран аркылуу “И.Матраимовдун атындагы фондго которулган” дегени тастыкталган жок. Бул анализдин жүрүшүндө тергөө тарабынан аныкталган.

Мындан тышкары, Wufuli Bumailiyamu аттуу жаран аталган фондго 2016-жылдын 25-августунда 100 миң доллар жана 99 миң 958 доллар 20 цент которгону банктык документтерден анык болду.

Мындан улам Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Али Токтакуновдон журналисттик иликтөөдө айтылган бардык документтерди көрсөтүүсүн талап кылат", - деп жазылат маалыматта.

Жыйынтыктап алганда, "Азаттыктын" иликтөөсүндө Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллар которулган деп айтылган маалымат боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы далил тапкан жок. "Азаттык" негизги документтерди Финполго бербей жатканы белгилүү болду.

Буга чейин журналист Элнура Алканова "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча элге жарыяланган документтер жасалма болуп чыкканын айткан. Ал Айэркен Саймаитиден фондго 2 миллион 300 миң доллар которулган деген маалыматты фейк деп, Айэркен Саймаити Кыргыз мамлекетинен чет өлкөлөргө акча которуп жүргөн документтер гана анык чыкканын билдирген. Муну Финпол да тастыктады. Бирок "Азаттыктын" иликтөөсүндө белгиленгендей Айэркен Саймаити Кыргыз мамлекетинен 646 миллион долларды ЧЫГАРЫП КЕТКЕН эмес, ал акча каражатын банктар аркылуу КОТОРГОН.

Бүгүн Финпол тараткан жогорудагы пресс-релиз боюнча "Азаттык" анын бир бөлүгүн гана жарыялады. Ал эми башка жалпыга маалымдоо каражаттары пресс-релизди толугу менен берип, анда Финпол Матраимовдордун фондуна 2 миллион 300 миң доллар акча которулганын тастыкталбаганын, бул суммага байланыштуу документтерди "Азаттык" көрсөтө электигин жазып чыгышты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан