Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиясынын мөөнөтүн узартып берүүнү сунуштады.
"Убактылуу комиссиянын курамы толукталып, 28-ноябрда иш башталган. Бүгүнкү күндө тиешелүү министрликтердин бардыгына маалымат берүү жөнүндө каттар, сурамжылоолор жөнөтүлдү. Министрликтерден 80 пайыз маалыматтар келди. Комиссия жакында толук кандуу ишин алып барат. Комиссиянын ишинин мөөнөтүн узатып берүүнү суранабыз", - деди Мамытов.
Жыйынтыгында бул токтом добуш берүүгө жөнөтүлдү.