Кабыл Абдалиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Кабыл Абдалиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кабыл Абдалиев 1966-жылы 11-сентябрда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда туулган. 1987-жылы Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумду бүтүргөн. 1987-1991-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде билим алган. 1991-жылдан бери салык кызматынын облустардагы бөлүмдөрүндө иштеп келген.

2010-2012-жылдары Салык кызматынын Бишкек шаарындагы башкармалыгында бөлүм башчы, 2012-жылы январь-сентябрь айларында Мамлекеттик салык кызматынын башчысы болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан