Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды

Өмүрбек Суваналиев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн бүгүн, 4-февралда кабарланды.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Өмүрбек Суваналиев 58 жашта, 1981-жылы СССР ИИМинин алдындагы Караганды облусундагы жогорку окуу жайды аяктаган.

Эмгек жолун Талас ОИИБинде 1981-жылы опер-кызматкери катары баштап, ал жерде 1986-жылга чейин эмгектенген.

1986-1989 -жылдары Фрунзе шаарындагы Ленин РИИБинде башкы опер-кызматкери;

  • 1989-1990-жылдары Аламүдүн РИИБиндеги Социалисттик менчиктерге кол салууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы;

    1990-1991-жылдары Ысык-Көл ОИИБинин башчысынын орун басары, башчысы;
    1991-1992-жылдары Ысык-Көл РИИБинин башчысы;
    1994-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Салык полициясынын ыкчам-тергөө башкармалыгынын башчысы;
    1995-1997-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;
    1997-1998-жылдары Ош облустук Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы;
    2003-2005-жылдары Нарын ОИИБинин башчысы;
    2005-жылы Бишкек ШИИББинин башчысы, ошол эле жылы ички иштер министринин орун басары;
    2006-2007-жылдары ички иштер министринин милдетин аткаруучу;
    2008-2010-жылдары Нарын облусунун губернатору;
    2011-жылы Ош ОИИБинин башчысы болуп дайындалган;
    2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо президенттикке талапкерлигин койгон. Милициянын отставкадагы генерал-майору.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан