Болот Отунбаев Кыргыздын АКШдагы, ал эми Аликбек Жекшенкулов Орусиядагы элчиси болуп дайындалды

Кыргыздын АКШдагы элчиси кызматына Болот Отунбаев дайындалса, Аликбек Жекшенкулов Кыргыздын Орусиядагы элчиси болду.

Тиешелүү жарлыкка 15-январда президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыздын Корея, Кытайдагы элчилерине талапкерлер каралып, Отунбаев менен Жекшенкуловдун талапкерлиги жактырылган эле.

Болот Отунбаев

Болот Отунбаев 1965-жылы 9-мартта Ош шаарында төрөлгөн. 1987-жылы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктап, 1990-1993-жылдары ошол эле окуу жайда аспирантурада окуп тарых илимдеринин кандидаты болгон. 1993-жылы ММУнун Башкаруу жогорку мектебин, 2000-жылы Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияны аяктаган.

2012-жылдын 15-февралынан тарта Кыргыз мамлекетинин Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматтарын аркалаган. Ошондой эле ага Швеция, Дания, Норвегия падышачылыктары менен Сан-Марино Республикасындагы дипломатиялык миссия жүктөлгөн. Ал кызматта 2015-жылдын май айына чейин иштеп, кызматтан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган. 2015-жылы КСДП партиясынын атынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болгон. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси кызматына келген.

Аликбек Жекшенкулова

Аликбек Жекшенкулов 1957-жылы 25-майда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында төрөлгөн. Ал 1992-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 1996-жылы 1-класстагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси болуп эмгектенген. Аликбек Жекшенкулов 1980-жылы Украина айыл чарба академиясын токой чарба инженери адистиги боюнча бүткөн.

1980-1982-жылдары Аламүдүн районундагы "Ала-Арча" Кыргыз мамлекеттик табигый паркынын аймак башчысы, 1982-1986-жылдары комсомолдун Аламүдүн райкомунун 1-катчысы, 1986-1990-жылдары ЛКЖС БКнын катчысы, Кыргыз мамлекетинин ЛКЖСнын Ош обкомунун катчысы, 1990-1992-жылдары жаштар иши боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын 1-орун басары, 1992-1994-жылдары президенттин аппаратында референт, Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, 1994-1995-жылдары тышкы иштер министринин орун басары, 1995-жылдан тартып 1-орун басары болгон. 2005-2007-жылдары тышкы иштер министри кызматын аркалаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан