Кыргыз өлкөсүнүн Ооганстан, Бельгия жана Япониядагы элчилери дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыздын 3 өлкөдөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчилерин кызматка дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн бүгүн, 6-мартта кабарлады.

Маалыматка ылайык, Мирослав Ниязов Кыргыздын Ооганстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Бельгиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Муктар Жумалиев дайындалды. Мирлан Арстанбаев Кыргыздын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан