Сахалинде таксист болуп иштеген 27 жаштагы Кыргыз жаранын өлтүрүп кетишкени жазылууда

Орусиянын Сахалин облусунда 27 жаштагы Кыргыз жаранын өлтүрүп кетишкенин Орусиянын маалымат каражаттары жазышууда. Маалыматта Кыргыз жараны таксист болуп иштегени айтылууда.

Маалыматка ылайык, 21-июлда түн ичинде 27 жаштагы Кыргыз жаранынын жансыз денеси Корсаковдо табылган. Алгач маркумдун унаасы, андан соң өзү табылган.

Бул факты боюнча Сахалин облусунун тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгогон. Иликтөө иштеринде шектүү катары үч жаран кармалган. Шектүүлөрдүн экөө мурда соттолгон болсо, бирөө ушул жылдын 30-май күнү абактан чыккан. Алар Южно-Сахалинск шаарынын тургундары. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери башталганы жазылат маалыматта.

Ал эми Орусиядагы Кыргыз элчилигине байланышканыбызда, бул окуя боюнча так маалымат жок экендигин, тактап жатышканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Eli.91
2019-07-23 12:48:43
Админ сураныч аты жонун тактап кетсенер?Кыжаалат кылбай адамды туугандар иштейт болчу.
+7
katerina.li
2019-07-23 13:03:53
Eli.91,алимбек уулу азатбек деп жазылып турат башка сайттарда
+2
katerina.li
2019-07-23 12:53:09
Элчилик качан ойгонот?? Дайыма эле тактап атабыз,же биз бильейбиз деген эле жоопту айтыщат. Кандай элчилик ал зч нерсе менен ищи жок?
+16
Aimani
2019-07-23 12:54:59
Элчиликке кайрылып сурабай эле коюш керек. Алар силерден угуп атышса
+15
PogbaGard
2019-07-23 13:02:19
Элчилерге Россия боюнча бир ресторан,кафе, конул ачучу жайлардын ачылыш аземине чакырышса даро бара калат.
+15
BarsBaatyr
2019-07-23 13:29:58
Элчилик тескерисинче элден маалымат алат.
+9
Toktakunova22
2019-07-23 16:28:25
Абдан окунучтуу биз сахалиндебиз. Туну менен балдар издеп танатпай табылыптыр. Аягына чейин тируу табылса экен деген надежда менен отурганбыз.
+9
Toktakunova22
2019-07-23 16:29:16
Орустардын уч наркоманы олтуруп коюшуптур. Байкуштун аялы да жакында торомок экен
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан