16-сентябрда орун алган Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан 3 тажик аскери каза болгонун Согди облусунун администрациясы тастыктаган.
Маалым болгондой, каза болгондор 35 жаштагы подполковник, 21 жана 19 жаштагы эки катардагы аскер болгон. Алар бүгүн, 17-сентябрда жерге берилген.
Кыргыз тараптан атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын прапорщиги Равшан Муминов окуя болгон жерден көз жумган.