Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөөсү аялын бычактап салган деп шектелүүдө. Маалыматты Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Шеркул Турганбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 25-июль күнү таңкы саат 06:35 чамасында Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге Сузак РИИБинин кызматкерлери барышкан.
"Белгилүү болгондой, Сузак районунун 31 жаштагы Б.Н. аттуу жаран 30 жаштагы аялын уруп, аш бычак менен денесине сайып жиберген. Натыйжада алган жаракатынан улам аял каза болуп калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Сузак райондук сотунун чечими менен шектүү 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Маркумдун артында 4 баласы калды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.