Жактоочу: "Транспорт министринин мурдагы орун басарына чыккан чечимге макул эмеспиз, облустук сотко кайрылабыз"

Бүгүн, 30-июлда Бишкектеги Биринчи Май райондук соту ири көлөмдөгү пара алган деп айыпталып жаткан Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевди 14 жылга эркинен ажыратты.

Жусубалиевдин жактоочусу Жыргалбек Бабаев соттун чыгарган чечимине макул эместигин билдирди.

Анын айтымында, 10 күндүн ичинде облустук сотко кайрыларын айтты. "Биз тараптан келтирген фактылардын бири дагы эске алынган жок. Бул чечимге макул эмеспиз. Ошондуктан облустук сотко кайрылабыз", - деди Бабаев.

Окуянын чоо-жайы:

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев өткөн жылдын декабрь айында 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирген. УКМКнын маалыматына ылайык, аткаминер чет өлкөлүк компаниялардын биринин кызыкчылыгын көздөп тендерде алардын пайдасына чечим чыгаруу үчүн “шапканы” 520 миң доллар деп баалап, 120 миң долларын ортомчулук кылган туугандары аркылуу алган.

Бул окуянын айынан Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов президент тарабынан катуу сынга алынган соң, кызматтан кеткен.

Азимкан Жусубалиевдин пара менен кармалышы боюнча бардык кабарларды окуу үчүн бул шилтемени басыңыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bars88
2019-07-30 20:00:30
14 жылга суйунбойсунорбу.520 мин $ пара алган учун сурабай туруп атыш керек эле
+3
NURSAPAR
2019-07-30 20:38:13
Вообще коррупционерлерге катуураак чара колдонуш керек. Консфискациясы менен а- то өтө эле беспредел болуп баратат. Кытай Кореядан үлгү алгыла
+3
Catti-80
2019-07-30 22:03:02
Ал киши алган эмес
Ото таза киши бул болгону Аша менен сокенин курмандыгы болду
Сотто дагы ашаны сатпады
-1
elchi84
2019-07-31 00:47:07
Пара алгандан кийин башы менен жооп берсин .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан