Депутат Сулайманов Башкы прокуратуранын өкүлүнө: "Транспорт министри орун басары кармалганы тууралуу эки ойду айтып жатканы боюнча маселени иликтөөнү сунуштайм"

Депутат Алтынбек Сулайманов башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиевге транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов орун басары кармалганы боюнча эки ойду айтып жатканын иликтеп берүүнү сунуштады.

"Министр Калилов орун басары кармалганы боюнча биринчи маегинде шок болгонун айткан. Премьер-министр кечээ министр бул боюнча бизге алдын ала маалымат бергенин билдирген деди. Министр дагы экинчи маегинде бул тууралуу билгенин жана жогорку жактарга өзү айтканын билдирди. Ошондо министр орун басарын өзү карматып берип жатабы же кандай? Ушул маселени иликтеп берсеңиздер жакшы болмок", - деди Сулайманов.

Башкы прокурордун орун басары бул боюнча тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатканын айтты. Ошону менен катар эле сунушту эске ала турганын билдирди.

Министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев "Тоdini" (Италия) деп аталган компаниядан 50 миң доллар пара алып жаткан учурда УКМК тарабынан кармалып камакка алынган. УКМКнын маалыматына караганда, Жусубалиев ал компаниядан жалпы жонунан пара катары 520 миң доллар сурап, буга чейин 120 миң долларын колуна алганын, калган бөлүгүн да кийинки апталарда алууну пландаган.

Транспорт жана жолдор министринин маалыматына караганда, ушул жылдын сентябрь айында Нарындагы Эпкин-Башкууганды аймагындагы унаа жолдун 70 чакырымын курууга тендер өтүп "Todini" компаниясы утуп алган. Ал 70 чакырым жол Түндүк-Түштүк жолунун 2-фазасынын 3-участогу болуп саналат. Тендердик комиссияга Жусубалиев өзү төрагалык кылган. Комиссия курамында Финансы министрлигинин өкүлдөрү, коомдук байкоочу кеңеш жана биздин кызматкерлер болгон.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов SUPER.KG'ге пара менен кармалган орун басары министрликте коррупцияга каршы күрөштүн башында турганын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан