Транспорт министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Маалыматты SUPER.KG порталына министр ырастады.

"Саясий оюндар башталды. Азыркы болуп жаткан кырдаалда, тергөө жүрүп жатканда менин жана өкмөт башчынын дарегине түрдүү айыптоолор айтылып жатты. Менин иштөөгө моралдык укугум жок деп арыз жаздым. Мен буга чейин 3 ай мурун биздин министрликтеги коррупцияны текшерүү боюнча укук коргоо органдарына кайрылгам. Анда орун басарым Жусубалиевдин катыштыгы бар экенин билген эмесмин. Анын коррупция боюнча кармалганы мени дале нес абалда калтырууда", - деди Жамшитбек Калилов.

Министрдин жазган арызына байланыштуу премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев президентке Жамшитбек Калиловдун отставкасын кабыл алуу тууралуу сунуштаманы киргизгенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, 14-декабрдагы Коопсуздук кеңешинин отурумунда Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду тургузуп сынга алган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Президент өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, Калиловду кызматтан убактылуу четтетип туруу керектигин айткан.

5-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Транспорт жана жолдор министринин орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Тергөө абагына киргизилген Азимкан Жусубалиев аталган кызматка Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда анын буйругу менен 2017-жылдын февраль айында дайындалган.

Транспорт министри кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан