Транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин иши сотко өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карайт. Соттук отурум качан өтөрү белгисиз.
2018-жылдын 5-декабрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Транспорт жана жолдор министринин орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Тергөө абагына киргизилген Азимкан Жусубалиев аталган кызматка ал кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен 2017-жылдын февраль айында дайындалган.