14-декабрдагы Коопсуздук кеңешинин отурумунда Сооронбай Жээнбеков транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду тургузуп сынга алган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Президент өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, Калиловду кызматтан убактылуу четтетип туруу керектигин айткан.
Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзү заматта талкууга алынды. Министрди кызматтан четтетип турууну айтуу менен президент ыйгарым укуктарынан аша чапты дегендер болду.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова интернеттеги баракчасына пикир жазып, президенттин бул кадамын бийликти узурпациялоо деген.
"Коопсуздук кеңешинин жыйынында транспорт министрине карата президент тарабынан болгон пиар кадамга баары ынтымакташып илинип кетишти. Бул негизи Атамбаевдикиндей узурпациялоо тенденциясынын уланышынын кооптуу белгиси. Биринчиден, министрди жыйын учурунда сазайын бере тургандай Коопсуздук кеңеши тийиштүү орган эмес. Экинчиден, президент министрди кызматта алуу чечимин карай турган кызмат адамы эмес. Айта кетсем президент кайсы бир себептерден улам премьердин өкмөт мүчөсүн кызматтан четтетүүгө каршы болгон күндө да акыркы сөз премьерде болот. Бул маселеде президенттин ролу формалдуу. Үчүнчүдөн, Коопсуздук кеңештин бүгүнкү жыйыны өкмөттүн жыйынындай болду. Коопсуздук кеңеш кеңеш берүүчү орган жана башкаруучулук функциясы жок. Муну менен президент аткаруу бийлигинин башчысы болуп алды. Буга ыйгарым укуктардагы чектөөлөр жол бербейт. Төртүнчүдөн, министрди убактылуу кызматтан четтетүү деген эмнени түшүндүрөт? Министр министрликтеги жана кол алдында иштегендердин ишине да жоопкерчилик алат. Тергөөнүн жыйынтыгына карабай ал кызматтан кетиши керек. Аны ким жана эмнеден калкалап жатат? Министрдин орун басары анын адамы болбосо, ал анда кимдики? Президенттинби же премьердинби? Ыйгарым укуктарды өзгөртүү жана функцияларды өзүнө өткөрүп алуу качанкыга чейин уланат? Президенттик аппараттын залкар юристтери, шефиңерге өзүнүн ыйгарым укуктарын түшүндүрүп койгула. Болбосо 5 жылдан кийин бийликти экс-президент узурпация кылганы актуалдуу маселе бойдон калат", - деп жазат Клара Сооронкулова.
Медиа эксперт Гүлнура Төралиева Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башчыга айткан сөздөрүн ыйгарым укуктарынан аша чапты деген пикирин жазган.
"Президент транспорт министрин кызматтан четтетүү боюнча тапшырма берди. Бул ыйгарым укуктарынан аша чапкандык экенин кимдир бирөө айтып койгулачы. Жогорку Кеңеште премьер аны эмне үчүн калкалаганы да билинсе жакшы болмок", - деп жазган Төралиева.
Интернеттеги колдонуучулардын бири Туйгун Эргешов президент министрди сынга алган Коопсуздук кеңештин жыйынынын форматы туура эмес деген пикирин жазган.
"Коопсуздук кеңеште президент, премьер-министр, тийиштүү министрлер, аскердик жана коопсуздук орган өкүлдөрү гана болуш керек. Бири-бири менен байланышпаган элдин баарын жыйнап алып, бул эмне эй! Коопсуздук кеңеш - бул мамлекетти башкаруучу жер эмес. Ал үчүн өкмөт бар эй, өкмөт! Ал үчүн парламент бар, сот бар. Парламент мыйзам кабыл алат. Өкмөт ага ылайык иш алып барат. Сот мыйзамга карап талаштарды чечет. Коопсуздук кеңештин милдети коопсуздук маселелери боюнча өкмөткө кеңеш берүү. Ал кеңешти өкмөт кааласа ишке ашырат, каалабаса жок. Ар бир орган өзүнүн ордунда болуш керек. Же баарын алып салалы да Коопсуздук кеңешин мыйзам чыгаруу органына, башкаруу органына, сот органына айланталы. Оңой болот, арзан болот, кийин эле өлкө катары ачка калбасак", - деген Туйгун Эргешов.
Дагы бир социалдык тармактардын колдонуучусу Нурмат Шайыков коррупция боюнча кармалган министрдин орун басары кызматка Сооронбай Жээнбеков премьер болуп турганда келгенин белгилеп билдирүү жазган.
"Бир кезде өзү даярдаган, сунуш берген министрдин орун басары болчу берки (ред: пара менен кармалган министрдин орун басары), чык эшикке демиш болуп койду, цирк!" - деп жазган Шайыков.
5-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Транспорт жана жолдор министринин орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Тергөө абагына киргизилген Азимкан Жусубалиев аталган кызматка Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда анын буйругу менен 2017-жылдын февраль айында дайындалган.