Бүгүн, 4-августта Дордой-1 конушунда жайгашкан кампадан өрт чыкты. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы тастыктады.
"Дордой-1 конушунун 10-көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм тартылды. Кошумча маалымат берилет", - деди басма сөз кызматынан.
Өрткө күбө болгондор да кырсык тууралуу социалдык тармактагы баракчаларына жазып, фото жана видео илип жатышат. Алардын жазганына караганда, товар сакталуучу жай, ага жанаша жайгашкан үйлөр жана машина токтотуучу жай өрттөнүп кеткен.