Жалал-Абадда киши колдуу каза болгон жарандын өлүмүнө шектелип жаткан Меркамедбаев А.К. аттуу жаранды табууга милиция жардам сурайт. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"27-июль күнү саат 08:43 чамасында нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен жансыз дене табылгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Ал жерге тергөө ыкчам тобу барган учурда үйдүн короосунда кебетеси азиялык болгон, жашы болжол менен 45-50 жаштагы жарандын бычакталган жансыз денеси табылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Сузак районунун Жаңы-Жер айылынын 47 жаштагы тургуну изделүүдө", - деп кабарлашты басма сөз кызматынан.