ЭЛДИК КАБАР: "Солтон-Сарыда адамдар чогулуп, кен иштеткен компаниянын кызматкерлеринин чыгып кетүүсүн талап кылууда" дейт окурман

Бүгүн, 5-августта Нарындагы Солтон-Сары алтын кенинде 200-250дөй адам чогулду. Алар кен иштеткен кытайлык компаниянын кызматкерлеринин чыгып кетишин талап кылып жатканын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү тургундар кытай кызматкерлеринин аталган аймактан чыгып кетишин талап кылып жыйналган. "Чогулгандар кытай компаниясына коюп жаткан талабын айттыруу үчүн 5-6 баланы жиберишкен. Бирок алар барган балдарды ур-токмокко алышыптыр. Азыр абалды тынчтык жолу менен чечүү каралып жатат. Эл чогулган жерге Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү дагы барды. Учурда абал тынч", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Солтон-Сарыда кытай компаниясына каршы чогулган эл
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
altyn-kumush
2019-08-05 22:15:49
Экспертизанын жыйынтыгын сабырдуулук менен кутуп турушса болмок. Кытай тарап кандай жыйынтык болсо ошого макул болчудай болуп турушат.
-6
altyn-kumush
2019-08-05 22:16:37
Казахстандан келчу жыйынтыктыкты куто туруп, ошого жараша кытайлардын чечимине жараша чара коруш керек
-5
bond02
2019-08-05 22:17:54
Эн туура кылышат жергиликтуулор, жок дегенде жайлообуздун абасы таза турсун.
+7
altyn-kumush
2019-08-05 22:18:01
Мындай кырдаалдан бузукулар пайдаланып кетпесе эле болду. Сабырдуу болуу зарыл.

2012ден бери эми чыгышканына дагы деле тан калуудамын...
-3
Chungyz
2019-08-05 22:24:53
Элге Табиятка зыяны бар болсо жабылыш керек
+7
Altyn.bala
2019-08-05 23:08:16
Нарындык жердештер азаматсынар!
+4
Take_men
2019-08-05 23:28:06
Лицензияны бергендер ким эле? Атамбаев менен Зилалиев беле?....
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан