Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын жүрүшүндө эл менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда кагылышуу орун алган. Анда Атамбаевдин тарапташтары атайын даярдыктагы жоокерлердин айрымдарын барымтага алып, 1 күн кармаган.
Чүй ОИИББинин маалыматына ылайык, бул ишке катыштыгы бар делингендердин айрымдарынын ким экени аныкталды.
"Атайын даярдыктагы жоокерлерди барымтага алуу фактысы боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда тергөө кызматы тарабынан бардык амалдар жүргүзүлүп жатат. Спецназдарды барымтага алып жаткан видеодогу адамдардын айрымдары аныкталды. Алар кылмыш жообуна тартылат", - деп жазылат маалыматта.
Аталган башкармалыктан сүрөттөгү адамдарды көрүп-билгендер болсо, милиция кызматкерлерине маалымат берүүнү өтүнөт.
7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, эл менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери ортосунда кагылышуу орун алган. Анда 45 адам жабырланып, 1 атайын даярдыктагы жоокер каза болгон.
8-августта экс-президентти кармоо операциясы башталып, Атамбаев кармалган.