Баткен облусунун прокурору башынан алган жаракаттардан улам көз жумган. Анын өлүмүнө шектүү мас абалында кармалды

Баткен облусунун прокурорунун жансыз денеси суу сактагычка жакын жердеги жолдун боюнан эртең менен табылды. Ал башынан бир нече жаракат алгандан улам көз жумганын бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинен билдиришти.

"Облус прокурорунун өлүмү боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары аны менен акыркы жолу чогуу жүргөн адам кармалды. Түшкө чейинки берилген маалыматтарга ылайык, ал кармалган учурда мас абалында болгон. Учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда", - деп билдирди ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов.

Белгилүү болгондой, облус прокурору Анарбай Мамажакыпов кечээ түштөн кийин жумуш ордунда болгон эмес. Аны издеп барган райондун прокурору иш ордунан таппай, үйүнө да барган экен. Бирок ал үйүндө да жок болгон. Иликтөө иштеринин алкагында Мамажакыповго таандык унаа шаардагы көчөлөрдүн бирине токтотулганы аныкталган. Акыркы жолу облус прокурорун шаар ичинен кечки саат 19:00 чамасында жергиликтүү тургун менен көргөндөрүн күбөлөр билдиришкен.

"Анарбай Мамажакыпов дайынсыз болуп жаткандыгы айтылып, аны издөө иштери башталган. Бүгүн эртең мененки саат 06:00 чамасында суу сактагычка кетчү жолдон киши колдуу каза болгон адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге барган кылмыш-иликтөө тобу ал облус прокурору экенин аныкташкан. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, облус прокурору башынан алган бир нече жаракаттан улам көз жумган. Ал таш болушу мүмкүн, бирок азыркы тапта аныкталып жатат", - дейт Сейитов.

Кылмышка шектүү катары шаардык мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалганын жана анын унаасынан кандын издери табылгандыгы боюнча ИИМ маалыматты тастыктаган жок. Айрым маалымат булактары кылмышка шектүү жана бир нече прокурор маркум менен бирге аңчылыкка чыккандагын жазышууда.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

Анарбай Мамажакыпов ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон.

Баткен облусунун прокурору киши колдуу каза болду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
sumaika
2018-11-18 13:19:35
Жаткан жери жайлуу болсун!Жакшылап изилдеш керек,кантип эле ден соолугу чын адам мас адамдын колунан каза болот??
+7
Gulnyr19
2018-11-18 13:55:30
Экөө тең мас болгон болсо керек
0
KG.Kushtarbek
2018-11-18 14:37:56
Жоок силер бир алкаш момун адамдыле кармадынар аткан адам ичпейт болуш керек 5 6 ай сырын ачып бербеш учун
-2
dastan.bujun
2018-11-18 15:51:07
Буга 97 менен кылмыш иши козголбойт. Адашып атасынар.Бул жонокой жаран эмес прокурор да.
0
barakcha
2018-11-18 19:20:37
dastan.bujun,мыйзам баарына бирдей@
+2
aman0296
2018-11-19 10:36:30
dastan.bujun, 97 менен эле козголот
0
rysik79
2018-11-18 16:56:27
Жаман иш болуптур. Жакындарына сабыр.. Жаткан жери жайлуу болсун...
+1
Balka76
2018-11-19 09:13:08
Жаткан жери жайлуу болсун,жакшы адам эле.Канкор жазасын алсын.
0
uli1234
2018-11-19 10:41:41
99 менен козголот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан