Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнүн чоо-жайын билүү үчүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткенге барды. Аны менен кошо прокуратурадагы башкармалыктын башчылары да кетишкен. Маалыматты башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы тастыктады.
Белгилүү болгондой, Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон.
Эске салсак, Баткен облусунун прокурорунун жансыз денеси суу сактагычка жакын жерде жолдун боюнан 18-ноябрда эртең менен табылган. Ал баш сөөгүнүн бир нече жеринен жаракат алгандан улам көз жумганы маалым болду. Факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары аны менен акыркы жолу чогуу жүргөн адам кармалган. Шектүү кармалган учурда мас абалында болгону кабарланган. Кылмышка шектүү Баткен шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы экени айтылууда. Бирок ИИМ бул маалыматты тастыктай элек.