Нарында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-августта саат 05:37де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Ак-Талаа районунун Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 балл, Баетов, Ак-Бейит, Терек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилди. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.