Москва облусунун Мытищи шаарында Кыргыз жарандары жол кырсыгына кабылды. Алардын үчөөсү оор абалда

Москва облусунун Мытищи шаарында Кыргыз жарандары жол кырсыгына кабылып, 4 адам ооруканага жеткирилген. Бул маалыматты Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилиги тастыктады.

Маалыматка ылайык, кырсык 17-августта саат 19:30дарда болгон. Анда Кыргыз жараны Audi үлгүсүндөгү унаасын башкара албай токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзгөн. Унаанын айдоочусу менен кошо 3 жүргүнчү Мытищи шаардык ооруканасына жеткирилген. Бардыгы тең Кыргыз жарандары.

"Учурда унаадагы 3 жүргүнчүнүн абалы оор, айдоочу травматология бөлүмүнө которулган" деп билдирди элчилик.

17-августта Мытищиде Кыргыз жарандары жол кырсыгына кабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Samina007
2019-08-20 08:54:40
Кыргызым кырылып калмай болдукко.самолеттун баасын арзандатып койсо болбойбу кайсы жаңылыкты окуба көрбө жол кырсыгы кыргыз жараны.эмнеге көзөмөлгө албайт билеттин нарктарын.
+6
bond02
2019-08-20 11:22:03
Samina007,эмне Москванын ичине да самолёт каттатып койсунбу?
+1
tattusha
2019-08-20 09:17:46
Жакшы болуп аман-эсен кайтып келгиле!!!
+2
KaGaH
2019-08-20 09:35:48
2 кыз 2 бала,видеосун көрдүм,тарткан орус айтып атат перегар сильный деп машинанын ичи,Аллахым жазалады буларды
+5
tular
2019-08-20 09:47:34
KaGaH, Видеонун ссылкасын жиберсениз, королу?!
0
tatynam_88
2019-08-20 11:36:51
KaGaH,саяк журсон таяк жейсин...деген болуптур да.туура,жон журбойт.Орустардан отуп тайтандап кетишти.кээ бир жердештерди коруп озун уялып кетесин,кээ бирин коруп боор ооруйт.айыгып кетишсин эми.
+1
raykray
2019-08-20 18:03:42
Видеосун кордум тобом атып чыгайын деп журогум лакылдап кордум.
+1
sherzatik
2019-08-20 20:52:51
Кысып жүрүш керек кыса турган жерди. Аллахтын берген жазасы. Ушундайлар кыргызды уят кылып бүтмөй болду.
0
daniel87
2019-08-20 21:27:47
Кырсык каш кабактын ортосунда ,табалаганга эч кимдин акысы жок !айыгышып арабызга аралашсын !Кудайым эсен Аман ата эне Бир туугандарына жаркырап кирип келишсин
+4
Leilek91
2019-08-21 01:25:38
Айдоочу мас экен деп жатышатго демек куноо оздорундо мас айдоочуга отурган
0
rejepova
2019-08-21 02:45:35
Бул биз иштеген жерде болду,торт кун болуп калды окшойт. Бироосу бугун кайтыш болуптур больница да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан