Бүгүн, 21-августта Бишкектеги "Фрунзе" заводундагы кампадан чыккан өрттөн эки адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирет.
Маалым болгондой, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 31 жаштагы О.Н. жана 33 жаштагы И.А. аттуу жарандар алып келинген. Экөө тең өрттөн чыккан газга ууланышкан, алардын биринин абалы оор.