2019-жылдын 7 ай ичинде Кыргыз өлкөсүндө 8 миң 757 чет элдик жарандар иштөөгө уруксат алышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан билдирди.
Маалым болгондой, ушул жылдын апрель айынан тарта уруксат берүү документтеринин баасы кымбаттаган. Уруксат берүү документтерден бюджетке 64 миллион 300 миң сом түшкөн.
"Кыргыз өлкөсүнө эң көп келген жумушчулар кытайлар - 6 миң 711 адам, 588 түрк, кореялыктар 238, 186 пакистандык, 113 америкалык, 104 адам Индиядан жана 104 Өзбек жарандары", - деп билдирет аталган кызмат.