2013-жылы Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен. 6 жылдан кийин Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткени боюнча кылмыш иши ачылганын ушул жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып айткан.
Башкы прокуратура тергөөнү ИИМге өткөрүп берген. Ички иштер министрлиги Батукаевдин иши боюнча "коррупция", "коррупцияга барууга көмөктөшүү", "коррупцияга катышуу", "жасалма документ", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери менен сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүүдө.
Бул иш боюнча жалпы жонунан бүгүнкү күнгө карата 19 адам шектүү катары өтүп жатат. Алардын 14ү учурда үй камагында болсо, 4өө камакта, 1өө издөөдө. Үй камагына чыккандардын көбү тергөө менен кызматташууга барганы үчүн баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү айтылган. Азыркы тапта камакка алынгандардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бар.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.