Азиз Батукаевдин бошотулушу: Сотко мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов келди

Бүгүн, 21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда экс-прокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасы каралууда.

Учурда сотко мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов укук коргоо кызматкерлеринин коштоосунда келди. Ал буга чейин Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынган эле. Кийин тергөө менен кызматташууга барганына байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Шамиль Атаханов менен журналисттер сүйлөшүүгө аракет кылганда жанындагы адамдар эч кимди жакындатпай тосуп алышты.

Биринчи Май райондук сотунун кызматкеримин деп өзүн тааныштырган адамдын айтымында, Атахановду үй камагында калтыруу мөөнөтү узартылды. Бирок расмий маалымат айтыла элек.

Сотко Шамиль Атаханов келди
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан