Экс-депутат Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча "коррупция" беренесинин негизинде айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда маалымат жыйынында жактоочу Рабига Сыдыкова билдирди.
Анын айтымында, Салянова жогорку кызматтагы аныкталбаган адамдар менен жашыруун макулдашууга барган деп жатышат. "Эгер алардын ким экени аныктала элек болсо, Саляновага мындай айып тагылбашы керек. Салянованы бир прокурордун көрсөтмөсүнүн негизинде камакка алып салышты. Сотто бул прокурор жалган жана карама-каршы жоопторду берип жатты. Суроолорума жооп берүүдөн баш тартты. Ал өзү эркиндикке чыгыш үчүн күнөөнү Саляновага жүктөп койду", - деди адвокат.