Нарындагы контейнер мектептин ордуна кайдыгер эмес жарандар ашар жолу менен жаңысын салууга каражат топтошууда

Интернет тармагында контейнер мектептин ачылыш аземинен тартылып алынган сүрөт учурда дагы деле талкууга алынууда. Мындан улам социалдык тармактын колдонуучулары Нарын районуна караштуу Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектебин ашар жолу менен салууну демилгелешүүдө.

Анда колдонуучулардын бири 50 миң кирпич, бири мектептин пайдубалын тургузуп берерин, дагы бири чатырын жаап бере турганын жазышууда. Бул пикирди көп мекендештер колдоп, кээ бири мектеп салып берүүнү өкмөттөн талап кылышы керек деген пикирлерин дагы калтырышты.

Учурда Орусия, АКШ жана башка өлкөлөрдөн мекендештер мектептин курулушуна акча каражаттарын которушууда.

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектебин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыйроо абалында турат деп тизмеге киргизген. Мындан улам окуучулардын ал мектепте окуусуна тыюу салган. Учурда аталган айылдагы окуучулар жаңы окуу жылын контейнерде окуу менен баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
gute
2019-09-04 13:43:48
Азыр эл озу менен озу болуп калган убак. Налог, штрафтар ж.б. элден тушкон каражаттар кайсыл жака кетип жатат? Кана соц. объектердин курулгандары кана Коррупциядан тушкон акчалар?
+9
gute
2019-09-04 13:47:02
С.Жээнбеков айтып жатпады беле Коррупциядан тушкон акчаларга курулат деп кана? Же Мунун баары показуха экен да значит
+8
katerina.li
2019-09-04 14:19:00
gute,эмне эле жээнбековдун ацтканына ишене бересинер??
+2
u.n.m
2019-09-04 14:06:11
Маалыматты тактап жазсаңыздар. Эч ким акча көтөрө элек. Демилге көтөрүлүп жатат эсеп ачуу, чогулуп талкуулоо иштери жүрүп жатат десеңиз деп туура болот.
-2
Shef87
2019-09-04 16:55:54
Чогулган акчаны жепкетпесин катуу көзөмөлдөгүлө
-1
altyn-kumush
2019-09-04 17:54:59
Биздин президент убадасында туруп жатат. Аны аткаруу балким ойдогудай жеңил болбой жаткандыр. Көч бара бара түзөлөт.
-2
Erik2018
2019-09-04 18:01:53
Москва бир кундо курулган эмес андай мектеп бир эле нарында эмес издесен коп эле. Окмот АЭБ олкосу менен жаны 74 мектеп курууга бир жумаа мурун сулошуу жургузуп кол коюлган жон эле кыйкырып кереги жок буйруса салынат мектеп
-4
Samatalibei
2019-09-04 22:15:00
Алла раазы болсун! Эртелетиш керек кун сууп баратат. Контейнер убактылуу болмок бирок ичи тар экен! Колунда барлар жардам беришсе жакшы болмок Мектеп бутуп калат беле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан