Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Орок айылында тоо боорунан чыккан ири өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өрттүн жайылып кетүүсүнө ыкчам чараларды көрүүнү тапшырып, абалды өз көзөмөлүнө алууда.
Алдын ала маалымат боюнча өрттүн тутануусуна жарандардын чылым чегүүдө этиятсыз мамилеси себеп болгон.