Жалал-Абад шаарында түнкү клубда чыккан мушташка тиешеси бар делген дагы 2 шектүү кармалды

9-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүндөгү түнкү клубдун жанында болгон мушташка тиешеси бар делинген дагы 2 шектүү кармалып, 4 шектүү тең 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

"12-сентябрь күнү бул окуяга тиешеси бар делинип Сузак районунун тургуну 22 жаштагы Т.У. кармалып, 2 айга камакка алынды. Аталган райондун 22 жаштагы тургуну С.А. “мушташтан жаракат алдым деп” Сузак районундагы аймактык ооруканасына дарыланууга жаткан. Кечээ саат 20:00 чамаларда Сузак райондук соту кармалган шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Мындан улам шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгилей кетүүчү жагдай, кээ бир массалык маалымат каражаттары шектүүлөрдүн арасында Сузак районундагы айыл өкмөт башчыларынын биринин уулу бар деген маалымат таратышкан. Бул маалыматты төгүндөп, учурда иштеп жаткан бийлик өкүлүнүн, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында иштеген жетекчи же кызматкерлердин шектүүлөргө эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайбыз", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Буга чейин бул факты боюнча эки шектүү кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Жалал-Абадда мушташтын кесепетинен 26 жаштагы жигит каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан