"Кыргыз-Тажик чек арасында Тажик тарап такталбаган жерге курулуш иштерин баштады" дейт Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы

Кыргыз-Тажик чек арасында Тажик тарап такталбаган жерге курулуш ишин баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кыдырбек Айбалаев билдирди.

Анын айтымында, Тажик тарап такталбаган жерди тосуп, шагылдарды төгүп, курулуш иштерин баштап жатат. "Тажикстандын тургундары Баткен районунун Жака-Өрүк айылындагы Төрт-Көчө аймагында жүк ташуучу унаа менен шагыл төктүрүштү. Лейлек районунда дагы ушундай иштер жүрүп жатат. Биз эмне кыларыбызды билбей жатабыз. Пикир келишпестиктер чыгып кетиши мүмкүн", - дейт ал.

Азырынча Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан жооп боло элек.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Bektur2011
2019-09-14 20:23:54
Мадумаров кол коюп тажиктерге тиешелуу . деген жер. Адахан сыяктуу популист булбулдун айынан ушундай абалга кептелдик. Адаханды жибергиле кыйын киши эле го суйлосо тиленен чан чыккан! Барсын мигранттардын акчасына Россияда шапар теппей акмак!
-7
Jaznura
2019-09-14 20:24:26
Бул талаштуу тилкенин тарыхы Мадумаровго барып такалат. Ошол сатпаганда азыр чыр чыкмак эмес
-4
Migrant-rf
2019-09-14 20:25:16
Уфф, жүрөктү гана өйүп, сыгатурган болду бул чегара проблемасы(((.
+7
Jaznura
2019-09-14 20:32:22
Лейлекке Мадумаровду алып барып өрүк бакка асуу керек болуп калды
-6
salimbek87.kg
2019-09-14 20:35:56
Биздин пагран заставагаларга сөз жок өз иштерин так аткарат . Биздин чоңдор өлгөн баары бирин бири чукулашып жүрөт бир гана буйрук берсе агонь деп болду тегиздеп салотко ошол өздөрү баштаган тажиктерди
+5
Omush94
2019-09-14 20:37:31
Карап отурганда не канга кан жанга жан чыр чыгарыш керек чыгарбасаңар чооң бир объект куруп алат. Анан иии бизден жер эле тажиктер алып койдү деп аттиң уруп каласыңар
+6
Absamat-90
2019-09-14 20:42:24
Адахан мырза бул ишти баштаса, тажиктер биздин жер деп курулуш иштерин баштаса, эртен бул маселе чечилип, кайра бузууга туура келсе, анда дагы бир конфликт башталып кетпесе экен
-5
oSporte
2019-09-14 20:49:13
асылбектин кулдары бул жакты чанытып жатканго
+6
Samatalibei
2019-09-14 20:50:23
Мен Президент болсом,Короого кирип Баардык койлорумду сатып зыян берген кошунам жактагы жерге бетондон бийик кылып забор тосмокмун балдарым тынч жашамак койлордун пайдасы ошол болмок.
+7
Simels
2019-09-14 21:04:49
Жакында Озбек менен Тажиктер уйлорубуздон кубалап чыгып кирип жашап алышатко. Пайдасыз окмот/депутаттар !!!
+7
BarsBaatyr
2019-09-15 00:12:49
2010-жылдан бери Тажик менен Өзбек биздин чабал бийликтен жана саткындардан пайдаланып, такталбаган жерлерди өздөрүнө өткөрүп алуу аракетин катуу башташты. Ал аракеттери ишке ашып да жатат. Баары келип биздин чабал бийлик менен саткындарга такалат. Кантип иш алып барышка баштары жетпей, айлалары кеткенде күнөөнү БИРӨӨГӨ оодара салышат.
+5
elchi84
2019-09-15 00:58:33
Кыргыз бийлигине кайрылат элем ижара берген канчалаган жерлерди кайтаргыла!!! Ижарадан акча тушобу озу ? же бекерге бердинерби?Ким берген болсо ошону изилдеп кайсы жылы ким кол койгон башы менен жооп берсин.
+2
Jeenbek.
2019-09-15 06:54:47
Бул бийлик кайра кайра эле качевник деп той откорбой,чек ара маселесин чечпейби
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан